Менин жашоомду өзгөрткөн 5 000 сом

1998-жыл.  Атам короодогу жалгыз жылкысын сатып, мени университетке даярдамакчы болду.  “Караколдогу К. Тыныстанов атындагы университетке тапшырасың, таанышыбыз өткөрөт” дешти ата-энем.  Ал учурда ата-энемдин айтканын эки кылбайт элем.  Атам бээни сатып, Бишкекке кетти.   Бир аз күндөн кийин келди.  Көңүлү жок… Бир нерсени сезгич апам сезимдерине ээ болбостон “эмне болду?” деди.  Ошол учурда жакшы семиз жылкынын баасы 5000 сом эле, азыркыча 80,000 сомдун тегереги.  Кайран атам, ал жылкыны 5,000 сомго сатып, келе жаткан жеринен чөнтөгүнөн алдырып жибериптир…

Эсимде… ата-энем кыйналып-кысталса да, тааныштардан карыз 5 000 сом алып, мени Караколго алып барышты.  Ошол учурда эле ушундай жакшы заман бекен?  Ата-энем мугалим болчу, жана алардын айлык акылары келбей, акчанын ордуна вино, ун, жана башка нерселер келээр эле.

Бардыгы жайында эле болуп, “өткөрөм” деген атамдын таанышы 5 000 сомду алып, эч бир кабатыр кылбады.  Экзамендерге кирип, суроолоруна жооп берип чыктым. Жыйынтыгында, өткөндөрдүн тизмесинде менин атым жок!

Эсимде… ал адам алган 5 000 сомду атама кайра сунуп жатканын “бул акчаңыз өтө эле аз болуп калды! Эл көп, көбүрөөк акча бергендерди өткөрдүк” – деп.  Айылга келсем эч бир адам ишене алган эмес “айылдын эң жакшы окуган баласы, мектептин алдыңкы окуучусу кантип өтпөй калды?” – деп. Мага караганда, сабак билбеген классташтарым окууга өтүп кетишти эле.

Ошол учурда эле азыркыдай “Республикалык тест” болсо гана?  Бирок, ошол менин тагдырымды чечкен 5,000 сомго ыраазымын!  Ошол акча жетпей, менин тагдырымды башка жолго салганына ыраазымын.  Эгерде мындай окуялар башыман өтпөгөндө, мен – азыркы Бакытбек Токубек уулу болбойт элем…

«МырЫктар»

Марина Ким тарабынан жазылган «Сумырки» http://taboo.kg/authors/full/1597.html макаласын окуп, бир топ күн мен ойдо жүрдүм.  Баскан-турганымды «неге?» «не себеп?» деген суроолор коштоп жүрдү. Албетте, мындай маданий жана коомдук суроолорго бир жооп табуу кыйын, бирок…

Ооба, алар такыр башка адамдар!  Алар кандайдыр бир улутка, жерге, же динге түз таандык эмес.  Алардын жүргөн жеринин бардыгы «проблема» менен коштолуп жүрөт.  «Проблеманы» өздөрү таппаса дагы, «проблема» булардын өздөрүн таап келет.  Булардын жанында адам өзүн өтө ыңгайсыз сезет.  Анткени алардын эки сөздөрүнүн бири «си….» же «бль…» менен коштолот.   Алардын тамашасы да, урушканы да, ал гана эмес – жөнөкөй баарлашуусу да сөгүнүү.  Алар төрөлгөндө сөгүнүү сөздөрү менен оозангандай, же сөгүнүү сөздөрү менен гана тили чыккандай.

            Алар коомдук жайларда өздөрүн элден өзгөчө алып жүрүшөт.  Кокусунан сенин бутуңду басып алса, «кечиресиз» деген сөздүн ордуна, сени жөөлөп, керек болсо уруп-сөгүп дагы басып кете берет.  Аалам алар үчүн гана жаралгандай. Маршрутка канчалалык толтура болсо дагы алар тыгылып түшкөндү жакшы көрүшөт.   Маршрутканын ичинде жөн турбастан элдин чөнтөктөрүн аңтарып, телфон-акчаларын уурдаганды жакшы көрүшөт.  Эгерде кокусунан аны билип калса, күнөөлү болгондун ордуна жабырлануучуну сөгүп, чаап, айласын кетирет.  Мындай окуяны көргөн жанындагы «мырыктар» дагы кошумча.  Билмексен гана болуп кете беришет.   Маршрутканын ичинде алар телефон менен узун жомок сүйлөшүшөт.   Алар эч качан «прайвет» же «жеке» сүйлөшүү дегенди билишпейт.  Өз жашоосун коом астында талкуу кылат.  Телефон менен сүйлөшүүсүн уксаң ушунчалык жүйөсүз.  Алар үчүн коомдук транспортто телефон менен сүйлөшүү талаада жүрүп кыйкырып сүйлөшүүгө барабар.  Коомдук транспортто телефон менен сүйлөшүүнүн жазылбаган жана айтылбаган этикасын сакташпайт.

            Алар көчөдө жүргөндө көкүрөктү кең жайып, каадала басып жүрүшөт.  Анан дагы ушунчалык какырынып-түкүрүнүп, негизги коомдук этиканы сактоодон баш тартышат.  Ал гана эмес, кайсы жерде болбосун тамеки тартып, адамдын кыжырына тийишет.  Алар келечек менен эмес, азыркы учур менен жашашат.  Алар үчүн азыркы күндө эмне ичип-жээри гана кызыктырат.  Анткени алардын кең көкүрөгүндө «куру намыс» деген эң маанилүү сезим бар!

            Бирок, мени бир нерсе ойлондурат.  Мен аларды күнөөлөй албайм. Жаманбы жакшыбы мен ушул коомдо жашайм.  Балким жогоруда аталгандардын арасында менин досум, бир-тууганым же өзүм бармын.  А балким адамдын кандайдыр бир жүрүм-турумуна экономикалык, саясий же маданий шарттар себепкер?  Неси болсо дагы, мен ушул коомдо жашайм, мен коомдун бир бөлүгүмүн жана бул коом менин жүрүм-турумумду башкарат. 

Бакытбек Токубек уулу

26-октябрь, 2011-жыл

Бишкек

You meet everyone and find everything…

How nice to be back at Ata-Turk International Airport.  Here you find everything and everyone you want. There are people all kinds of: beautiful, old, blond, black, Asian, black, and most importantly – HOT… you name it and you’ll find it here. Some people are wondering around in every shops, bookstores and gift boutiques trying to find something that can be presentable to their friends and families, some of them are just waiting near their gates ready to be boarded with their bags.  Some of them are taking pictures if it is their first or last time in the airport, some of them are eating according to their choice – McDonalds, Pizza, Star Bucks and other cantines.   Some people are working hard on their computers, showing the impression if they are the only people who are saving the world.  Look at that girl – well ironed white shirt, hair is cut on the neck, and her hands are on the computer, typing something very important, and her eyes are back and forth to the computer and paper on the table.  This girl seems very typical girl in the office, but not as an office manager – something like supervisor or managerial position, giving the impression that she is the only one who can make an important decision!   Some people are just chilling out, sitting in nice restaurants, drinking and chatting with one another.   You can find every well brand shops here, Gugccee, Armani, Atasy – oh well, I can’t name all of it…  You don’t even have to go to a city to buy a specific fashion design, all you need here is just MONEY to buy.   You wanna a best seller newest published book?  Well, you can find it here in the bookstore.  Some people are running around with their handcarry bags, trying to find their departure gates, asking every airport personnel, showing their boarding pass and asking where are their gates.   Here Turkish guys impress the travelers.  They are working on the stores, trying to get attention of customers, trying to figure out where the customer came from, speaking in the language of a customer by guessing in the first look.  And they are doing really good job on guessing. If someone who looks like Asia, they speak “Konichiwa, Konbowa – are you fromJapan?” if you say “No”, they will continue to speak other Asian languages, and try to guess “Korea?Philippines?”

            Have you ever been inIndia? No?  Well, you can consider yourself that you’ve been inIndia, seeing and observing the families fromIndia. Look at their dress!  How well made and well decorated their clothes are.  It might be the family man – a man with red had, a cloth rolled on his head.

            If you have a connection flight for your next destination, you will not be bored atInternationalAta-TurkAirport.  Internet, bookstores, restaurants and other facilities will enterain you enough, and you won’t even notice how your 3-4 hour delay ran out.

Bakytbek Tokubek uulu,  Istanbul

September 11, 2011

Жашоонун кечки керемети

Аман экөөбүз үчүн деңиздин жээгинен, түнкү салкын, таза абада музыканын коштоосу менен кечки тамакты ичүү өзүнчө эле керемет болду.  Мындай мүмкүнчүлүк биз үчүн чектелүү эле, анткени  бул каникулубуз бүткөндөн кийин Маниланын ысык, булганган абасына кайрадан барып, «окуу-окуу жана окуу» деп күн өткөрөбүз. Кайрада эле баягы окууга чөмүлөбүз.   Ким билсин, ушинтип дүйнөнүн кереметин кайрдан кыдырат белек?  Ар бир убакытты текке кетирбестен туура  пайдаланып, жашоонун кызыгына баттык.   Жээк бою кыдырата өскөн пальма, кокос, талисай, манго бактарына самсаалатып ар түрлүү түстөгү майда илме шамдардан тагып кооздолгон деңиз жээгиндеги ресторанда отурдук.   Мындай кооздукка бөлөнгөн шамды биздин Кыргызстанда болгону Жаңы Жылда гана көрөт элем.  Бул жерде мен үчүн күндө майрам, күндө той. Күндө Жаңы Жыл. Каалайсыңбы, отуруп менюдагы ар түркүн тамактардан заказ бер, каалайсынбы, тигинде турган идиштердеги балык, краб, креветки, лобстр, же уй-чочконун чийки эттерин тандап, отко кактап бышыртып жесең болот.  Аман экөөбүздө эле башка туристтердей акчабыз кенен болсочу.  Менюдан тамак тандасак да, эң арзанынан тандап, башкалардай каадалуу кишилерче  эч бир шек алдырбастан бутту сунуп отурдук.   Бирок, мейли, арзан тамактанып арзан жашасак дагы, акчалуу кишилер эмнени көрүп жүрсө, биз да алардын арасында өзүбүздү акчалуудай сезип жүрөбүз.   Бизде болгон ушул мүмкүнчүлүгүбүзгө ыраазы болуп, көңүлүбүз жай…

Кыска юбка кийген татынакай кыздар тыпылдап бизди тейлеп жүрүштү.   Эгер эле бир нерсе керек болсо баарыбызды байкап турган тейлөөчүлөр «сер, эмне каалайсыз?» деп жаныңа чуркап келишет.  Мындай ар кошкон улуттун конокторуна кызмат өтөп көнгөн тейлөөчүлөрдөн бир да кемптик таппайсын.  Баарын так, орду менен аткарышып, коноктордун тамактарын кылдаттык менен ташып жатышты.   “Would you like to listen to the music?” «Силерге музыка тартууласак мүмкүнбү?» дешип, колдоруна гитара көтөргөн эки жигит ар кимге таланттарын сунуш кылып жүрүштү.   Кимдир бирөөлөр ал ырчы балдарды маңдайына  отургузуп алып,  созулган ырын ырахаттануу менен угуп, астыларындагы шарабын ууртап отурушса, кээ бирлери сүйлөшүп жаткан сөздөрүн үзгүлтүккө учураткылары келбей, ырчылардан баш тартышат.   Үмүттөрүн жоготпостон эки жигит столдон столго барып, ого бетер күчөшөт.   Бүгүн кечке кара жумуш жасап чарчагансып, туристтер эки-экиден узун сөзгө кирип, Панглао арылынын кечки таза абасында жай баракат отуршту.      «Эс алгандан да чарчадыңарбы?» дегенсип, жөн отурбастан мен ар бир саякатчыга байкоо жүргүзүп отурдум.

Мандайыбызда тамекисин кер-кер тартып, алтымыштын ары-бери жагындагы европеид рассасындагы чал жап-жаш аялын, же ким билсин, ойнош кызы болгондур, аны бир колтугу менен кучактай отурат.   Жашоонун кереметине баткансып жанындагы аял узун сары чачын улам-улам өйдө-ылдый кармалап, күйөөсүнүн эркелеткенине эреркип,  башын жөлөйт.   Алардан берээкте жаңы эле баш кошконбу же таанышканбы, айтоор таттуусу кете элек немече бири-бирин утур-утур жыттагылай өпкүлөп, эки жаш отурушту.  Анда-санда гана тамагынан тандап терип жебесе, астыларындагы тамагына деле көнүл бурушкан жок.  Алардын столундагы кооздолуп жасалган бөтөлкөдөгү кызыл шарап жана үлбүрөп күйгөн шам алардын махабатына көрк кошуп, классикалык, романтиканын пейзажын жаратып турду.  Алардын сүйүүсүнө суктаныппы же «качан тамак берет?» деген үмүттөбү,  кыскасы алардын маңдайында бир ак ит эки жаштан көзүн албай тиктей карап отурду.  Аттин ай, атамдай сүрөтчү болсом эмне, ушул көрүнүштөн не бир сонун сүйүү пейзажын жаратат элем.  Карасаң!  Сүйүшкөн эки жаш, түңкү деңиз жээкте, ийилип өскөн пальма багынын түбүндө, алардын ортосунда  бөтөлкөдө кызыл шарап жана шам, маңдайында алардын сүйүүсүнө суктанып отурган ак  ит… Өмүрүмдө кагазга тартылган далай романтика пейзаждарын көрсөм дагы, мындан өткөн чыныгы сүйүү пейзажын көргөн эмесмин.    Чыныгы сүйүү пейзажы деп ушуну айт…

Dog is admiring the couple...

Бул эки жаштын тамагына тоскоол болбосун дейби тейлөөчү кыз келип итти ары алып кетет.  Кайдан,  эки жаштын таттуу, сүйүшкөн сөздөрү жагып калгансып, ак ит кайрадан келип аларды тиктеп маңдайына отурат.   Биздин оң жагыбызда орто жашап калган эки адам отурат.  Кыязы аялы-күйөөсү го, уруша кеткенсип, бири-бири менен сүйлөшпөстөн тултуюшуп, аялы деңиз жээгин тиктеп отурса күйөөсү катуу ойго батып, колундагы вилканы ары бери кыймылдатып ойноп отурат.   Жанагы эки жигиттин жагымдуу ырлары тегерегибизди шаңга бөлөп турду.  Кээ бир адамдар жаңы эле келип баштаса,  кээ бирлери тамактарын ичип бүтсө да, сөзгө тойбой кобурашып, стакандагы шараптан кымптый  жутуп отурушту.   Алардан биз кем калабызбы, Аман экөөбүз да аркы беркини сүйлөшүп, Алона пляжынын кечки жашоосуна күбө болуп отурдук

19-март, 2009-жыл, Алона пляжы, Панглао аралы, Филиппин

Жаным…

Жаным… адаттагыдай эле мен сага арнап бүгүн кат жаздым.  Жөн гана сени күтүп отурбастан адатымча сени издедим.  Ар мүнөттө келип калаар бекен деп жолду карап зериктим.  Ага чыдабастан колума алып калемимди «Жаным…» деп баштадым катымды.  Билесиң да,  менин сагынычтуу катым аягы жок, айтып бүткүс, узун жомок болуп созулат.  Бул жомокто болгону эки каарман бар.  Анын бири эч бир затка теңей алгыс СЕН жана сага жетпес МЕН бармын. Зымдай тизилген ар бир сапка шурудай тамгаларды бирден терип мен ичимдеги жан дүйнөмдүн кулпусун ачтым… 

 


Бакытбек Токубек уулу

26. 10. 2010, Бишкек

Канаттуулардын бейиш аралы!

Olango Island, the Philippines
Канаттуулардын бейиш аралы...

Филиппиндин Оланго аралына канаттуулар кышкысын суук жерден учуп келип, ушул жердин ысык/жылуу жеринде убактылуу орночок алышат экен.  Бул аралды жергиликтүү эл «келгин куштардын аралы» деп ат койуп алышыптыр.    Маалыматтарга караганда ал канаттуулар Кытайдан, Монголиядан, Сибирден, Кореядан Сентябрь айларынан баштап ушул жерге учуп келишип, Март айларына чейин болушуп, кайра учуп кетишет экен.

Канаттууларды жакындан кароо

Мен мектепте окуп жүргөнумдө мугалимдер бизди окутчу эле, «канаттулар кышында жылуу жакка учуп кетишет» деп.  Бирок ушул убакытка чейин «кайсы жылуу жакка, кантип учуп барышат, ал жерден эмне кылышат» деген суроолорума жооп таппай, ал «жылуу жерде»  эмне күндү көрөрүн билген эмесмин.  Мен бүгүн канаттуулардын ар түрүн көрүп, алардын кайсы жактардан учуп келгенин билгенден кийин биздин Кыргзыстандын канаттуулары дагы ушундай бир жылуу жайда «эс алып» жүргөнүн элестеттим.   Кайсы бирлери биздин Кыргызстандын желегин көтөрүп жүргөнсүп,  же эски караанын издеген адамдай болуп ар бир канатууну кадала тиктеп, өтө кылдаттык менен байкоо жүргүзүп жаттым.   Кайсы бир маалда «салам жердештер» деп канаттулардын тобу жаныма учуп келип кончудай сезип, таанышын куткон адамдай ары-бери кылчактап, далайга чейин ал жерден кетпей турдум.  “Бул канатту Кытайдан.  Тигине, тигил кызыл тумшук канатту Сибирден келген.   Тигини карасаныз, сер! Сер, теетиги бир буттап турган чымчык Кореядан келген» деп улам ар кайсы канаттууну дүрбү менен көрсөтүп биздин жер көрсөтүүчү адам мени ого бетер кызыктырып, көптөгөн маалыматтарды берип жатты.  Кайсы бир маалда «Сер, тигине, Кыргызстандан келген куш» деп айтат экен деген жоопсуз үмүтүмдү ниет менен күтүп жаттым.  Бирок айла канча, Кыргызстандан келген кушту эмес, Кыргызстан деген өлкө бар экенин дагы булар билишпейт экен.

Канаттуулардын бейиш төрү

Жаратканым Оланго аралын ушул канаттуулар үчүн атайын арнап жасагандай бардык  шарты бар ынгайлуу жер экен.  Чөп десе чөбү бар, бак-дарагы, балыгы, бакасы, сазы, крабы, үлүлү, суусу, деги эле койчу – канаттууларга эмне керек болсо, ошонун баары ушул жерде бар укмуш кооз жер экен.   Деңиздин суусу түнү менен ары тартылып кеткенде, эртең менен канаттуулар ушул тайыз же суусу соолуп калган жерине келип,  каалаган тамагын тандап жешет.  Эгерде суу кайра толсо тайыз жерге же ары жактагы бак-барактын арасына учуп кетишет.   Ах чиркин ай, аралдын кооздугуна тамшанып, «канаттулардын бейиш төрү» деп баа берип, суктануу менен айланага көз чаптырдым.   Мемиреп жаткан тынч аралдын абасынан терең-терең дем алып, канаттулардын сайрандап жаткан ырын угуп, табигаттын таттуу уйкусуна бөлөндүм.   Эң негизгиси, канаттууларга керектүү «мемиреген тынчтык»  бар экен бул аралда.  Эч ким эч качан келип буларды аткылап, кармап же өлтүрүп аларды алагды кылбайт.  Ушул жер мамлекет тарабынан корукка алыныптыр.  Албетте, кимде-ким кармаса, айыбын тартат дечи. Бирок, бул жердин адамдары ошол мыйзамды аткарып, жаратылышка эч бир зыян алып келишпейт экен.   А биздин Кыргыстанда эмне, эчак аткылап, чочутуп-үкркүтүп жок кылышат эле.  Ана, «канчалаган канаттулар, жаныбарлар жоголуп баратат» деп кызыл китепке жазышат да, аларга көңүл бөлбөстөн тукум-курут болуп баратат…

Бакытбек Токубек уулу

Оланго аралы, Филиппин

16. 03. 2009