«МырЫктар»

Марина Ким тарабынан жазылган «Сумырки» http://taboo.kg/authors/full/1597.html макаласын окуп, бир топ күн мен ойдо жүрдүм.  Баскан-турганымды «неге?» «не себеп?» деген суроолор коштоп жүрдү. Албетте, мындай маданий жана коомдук суроолорго бир жооп табуу кыйын, бирок…

Ооба, алар такыр башка адамдар!  Алар кандайдыр бир улутка, жерге, же динге түз таандык эмес.  Алардын жүргөн жеринин бардыгы «проблема» менен коштолуп жүрөт.  «Проблеманы» өздөрү таппаса дагы, «проблема» булардын өздөрүн таап келет.  Булардын жанында адам өзүн өтө ыңгайсыз сезет.  Анткени алардын эки сөздөрүнүн бири «си….» же «бль…» менен коштолот.   Алардын тамашасы да, урушканы да, ал гана эмес – жөнөкөй баарлашуусу да сөгүнүү.  Алар төрөлгөндө сөгүнүү сөздөрү менен оозангандай, же сөгүнүү сөздөрү менен гана тили чыккандай.

            Алар коомдук жайларда өздөрүн элден өзгөчө алып жүрүшөт.  Кокусунан сенин бутуңду басып алса, «кечиресиз» деген сөздүн ордуна, сени жөөлөп, керек болсо уруп-сөгүп дагы басып кете берет.  Аалам алар үчүн гана жаралгандай. Маршрутка канчалалык толтура болсо дагы алар тыгылып түшкөндү жакшы көрүшөт.   Маршрутканын ичинде жөн турбастан элдин чөнтөктөрүн аңтарып, телфон-акчаларын уурдаганды жакшы көрүшөт.  Эгерде кокусунан аны билип калса, күнөөлү болгондун ордуна жабырлануучуну сөгүп, чаап, айласын кетирет.  Мындай окуяны көргөн жанындагы «мырыктар» дагы кошумча.  Билмексен гана болуп кете беришет.   Маршрутканын ичинде алар телефон менен узун жомок сүйлөшүшөт.   Алар эч качан «прайвет» же «жеке» сүйлөшүү дегенди билишпейт.  Өз жашоосун коом астында талкуу кылат.  Телефон менен сүйлөшүүсүн уксаң ушунчалык жүйөсүз.  Алар үчүн коомдук транспортто телефон менен сүйлөшүү талаада жүрүп кыйкырып сүйлөшүүгө барабар.  Коомдук транспортто телефон менен сүйлөшүүнүн жазылбаган жана айтылбаган этикасын сакташпайт.

            Алар көчөдө жүргөндө көкүрөктү кең жайып, каадала басып жүрүшөт.  Анан дагы ушунчалык какырынып-түкүрүнүп, негизги коомдук этиканы сактоодон баш тартышат.  Ал гана эмес, кайсы жерде болбосун тамеки тартып, адамдын кыжырына тийишет.  Алар келечек менен эмес, азыркы учур менен жашашат.  Алар үчүн азыркы күндө эмне ичип-жээри гана кызыктырат.  Анткени алардын кең көкүрөгүндө «куру намыс» деген эң маанилүү сезим бар!

            Бирок, мени бир нерсе ойлондурат.  Мен аларды күнөөлөй албайм. Жаманбы жакшыбы мен ушул коомдо жашайм.  Балким жогоруда аталгандардын арасында менин досум, бир-тууганым же өзүм бармын.  А балким адамдын кандайдыр бир жүрүм-турумуна экономикалык, саясий же маданий шарттар себепкер?  Неси болсо дагы, мен ушул коомдо жашайм, мен коомдун бир бөлүгүмүн жана бул коом менин жүрүм-турумумду башкарат. 

Бакытбек Токубек уулу

26-октябрь, 2011-жыл

Бишкек

Leave a Reply

Fill in your details below or click an icon to log in:

WordPress.com Logo

You are commenting using your WordPress.com account. Log Out / Change )

Twitter picture

You are commenting using your Twitter account. Log Out / Change )

Facebook photo

You are commenting using your Facebook account. Log Out / Change )

Google+ photo

You are commenting using your Google+ account. Log Out / Change )

Connecting to %s