Жаным…

Жаным… адаттагыдай эле мен сага арнап бүгүн кат жаздым.  Жөн гана сени күтүп отурбастан адатымча сени издедим.  Ар мүнөттө келип калаар бекен деп жолду карап зериктим.  Ага чыдабастан колума алып калемимди «Жаным…» деп баштадым катымды.  Билесиң да,  менин сагынычтуу катым аягы жок, айтып бүткүс, узун жомок болуп созулат.  Бул жомокто болгону эки каарман бар.  Анын бири эч бир затка теңей алгыс СЕН жана сага жетпес МЕН бармын. Зымдай тизилген ар бир сапка шурудай тамгаларды бирден терип мен ичимдеги жан дүйнөмдүн кулпусун ачтым… 

 


Бакытбек Токубек уулу

26. 10. 2010, Бишкек

One thought on “Жаным…

  1. Кандай мундуу жомок… бирок кандай сонун создор менен жазылганын карачы!!!

Leave a comment